Бул маселелерди премьер-министр Алихан Смаилов менен Реформалар боюнча жогорку кеңеш төрагасынын орун басары сэр Сума Чакрабарти талкуулашты. Премьер-министр өз сөзүндө белгилегендей, Өкмөт өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин этап-этабы менен жакшыртуу жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу максатында бекитилген пландарды жана Мамлекет башчысынын Шайлоо программасын ишке ашырууну улантат. Ошондой эле быйылкы жылы мамлекеттик органдардын чечимдерди кабыл алуу ылдамдыгын жогорулатуу боюнча чаралар көрүлөт. Ошону менен бирге документ жүгүртүүнү жана отчеттуулукту кыскартуу боюнча иштер улантылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков