Өлкөдөгү чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү Казакстандын транзиттик дараметин жогорулатууга жана бизнести колдоого умтулуусун кубаттап жатышат. Президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунда өлкөнүн социалдык-экономикалык саясатын модернизациялоого багытталган чаралар абдан маанилүү экенин белгилешти.
Кестутис Янкаускас, Евробиримдиктин Казакстандагы элчиси:
- Евробиримдик Казакстандагы эң ири инвесторлордун бири. Биз бул багыттагы ишибизди уланталы деген ниетибиз бар. Ар бир бизнес үчүн жагымдуу инвестициялык чөйрө, ачык-айкындуулук жана ишкерлердин кызыкчылыгын коргогон мыйзамдардын болушу абдан маанилүү. Мындан тышкары, Евробиримдик менен Казакстандын ортосунда чийки затты жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Джеймс Панетта, АКШ Конгрессмени:
- Казакстандын кадрдык дарамети чоң. Реформалар мугалимдерге, билим берүүгө жана саламаттыкты сактоого, мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө олуттуу таасирин тийгизет. Анткени алар адам укуктарын коргоого багытталган.
Рубем Корреа Барбоза, Бразилиянын Казакстандагы элчиси:
- Шайлоо өткөрүү сыяктуу билдирүү болот деп күткөн эмесмин. Бул абдан бат чечим. Жыйынтыгын баарыбыз көрө алабыз деп ойлойм. Бирок реформаны толук ишке ашыруу үчүн убакыт керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков