Казакстанда 2025-жылы араб инвестициясынын катышуусу менен кайра жанма энергия булактарынын жаңы объектилеринин курулушун баштоо пландалууда. Тактап айтканда, бул Жетису аймагындагы 1 ГВт кубаттуулуктагы станция. Учурда тараптар долбоорду ишке ашыруу маселесин талкуулашууда. Алихан Смаилов өкмөттүн жыйынында Сауд Арабиясы менен бардык биргелешкен инвестициялык долбоорлордун жол-жоболорун координациялоону жандандырууну тапшырды. Айрыкча айыл чарба, фармацевтика жана металлургияга байланыштуу иштер. Ошондой эле, Тышкы иштер министрлиги жана Казакстандын Жидда шаарындагы дипломатиялык өкүлчүлүгү, «Kazakh Invest» улуттук компаниясы жана башка кызыкдар мамлекеттик органдар менен уюмдар жигердүү позицияны карманышы, ошондой эле дараметтүү долбоорлордун пулун дыкат иликтеп чыгышы керек деп кошумчалады өкмөт башчысы. Премьер-министр өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын алдында эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда тематикалык бизнес-форум уюштурууну тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков