ЕРӨБ: 2021-жылы Казакстанга 630 миллион доллар инвестиция салынды

ЕРӨБ: 2021-жылы Казакстанга 630 миллион доллар инвестиция салынды

Казакстан 2060-жылга чейин энергетика тармагынын көмүртектүү нейтралдуулугуна жетишет. Буга Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы көмөктөшөт. Бул тууралуу банктын расмий сайтында жарыяланды. Азыркы учурда кызматташуунун узак мөөнөттүү стратегиясы иштелип чыгууда. 2021-жылы ири каржы институту Казакстанга 630 миллион доллар инвестиция салган. Мындан тышкары, 18 долбоор каржыланды. Алардын жарымына жакыны жашыл долбоорлор. «Кайгылуу үчтүн айы» окуясына карабастан, инвесторлордун көпчүлүгү өнөктөштүктү улантуу каалоосун билдиришкен. Эгемендүүлүк жылдарында өлкөгө 370 миллиард доллардан ашык инвестиция тартылган. Анын 101 миллиарды Нидерландыдан келген. 46 миллиард доллардан ашык каражат АКШдан келген. Алдыңкы үчтүккө Швейцария кошулду. Бул өлкө 28,5 миллиард доллар инвестиция салган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков