Казакстандын дүйнө мамлекеттери менен кылмыш-укуктук тармагындагы кызматташтыгы кеңейүүдө

Казакстандын дүйнө мамлекеттери менен кылмыш-укуктук тармагындагы кызматташтыгы кеңейүүдө

Сенат тиешелүү мыйзамды жактырды. Укуктук жардам көрсөтүү боюнча келишимдин алкагында эми тараптардын тергөө органдары жалпы маселелерди чече алышат. Тактап айтканда, документте эки тараптуу суракка алуу, буюмдарды конфискациялоо, тинтүү, экспертиза жүргүзүү, банктык эсептерди аныктоо, күбөлөр менен серепчилерден жооп алуу сыяктуу аракеттер камтылган. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн консулдук каттоосунда 500дөн ашык жаран бар.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:

Бекитилген мыйзам Казакстан менен Франциянын кылмыш иштери боюнча өз ара кызматташтыгын бекемдөөгө укуктук негиз түзөт. Ага ылайык, эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда юридикалык жардам көрсөтүүнүн тартиби Макулдашууда аныкталган. Башка мамлекеттер менен ушундай мүнөздөгү келишимдерге кол коюу кылмыштуулукка каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатат деп ойлойбуз.

Казакстандын кылмыштуулук менен күрөшүүдөгү эл аралык кызматташтыгы Өзбекстанда татыктуу уланды. Мындан ары бул эки боордош өлкөнүн аймагында соттолгон жарандар өз өлкөсүндө жазасын өтөөгө укуктуу. Учурда өлкөнүн түзөтүү мекемелеринде Өзбекстандын 482 жараны отурат. Ал эми аталган мамлекетте 20 казакстандык эркинен ажыратылган. Бирок мунун бардыгы бирдей шарттарга жооп берет дегендик эмес.

Асет Шындалиев, Башкы прокурорунун орун басары:

- Соттолгон адам төмөнкү учурларда өткөрүлүп берилет. Эгерде ал эки өлкөнүн биринин жараны болсо, анын иш-аракети эки өлкөдө тең кылмыш деп табылса, кызмат өтөөсүнө кеминде бир жыл калса, эки өлкө тең  экстрадициялоого макул болсо. Ал төмөнкү учурларда өткөрүлүп берилбейт. Эгерде өлкөнүн эгемендүүлүгүнө жана коопсуздугуна шек келтирсе, Улуттук мыйзамдарга кайчы келсе, каржылык карыздар болсо, соттук процесс же тергөө жүрүп жатса. Соттолгондор алардын эркинен тышкары экстрадицияланбайт. Анткени келишимдин негизги талаптарынын бири соттолгон адам өз өлкөсүндө жазасын өтөө ниетин билдирген арызын бериши керек.

Казакстан 34 мамлекет менен кылмыштуулуктун бул тармагында 72 эки тараптуу келишимге кол койгон. Анын тең жарымы Италия, Улуу Британия, Испания, Монако, Венгрия сыяктуу Европа өлкөлөрү. Бул жаатта туризм жана экономикалык кызматташтык өнүккөн мамлекеттерге артыкчылык берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков