Документтин электрондук версиясы eGov Mobile тиркемелеринде жана экинчи деңгээлдеги банктарда жеткиликтүү. Мындан тышкары шайлоочу паспортун, аскердик билетин же деңиз билетин көрсөтө алат. Бирок айдоочулук күбөлүк менен добуш берүүгө болбойт. Белгилей кетсек, санариптик документтерди колдонуу Казакстанда шайлоо процессине технологияларды киргизүүнүн дагы бир жаңы мисалы болуп саналат.
Бектембай Косынов, улуттук маалыматтык технологиялар департаментинин мүдүрү:
- Жалган куран айынын 19да өтө турган Казакстан Республикасынын Мажилисинин депутаттарын шайлоодо казакстандыктар участкаларында санариптик документтерди көрсөтө алышат. Белгилүү болгондой, санариптик документтер алардын түп нускаларына эквиваленттүү болуп эсептелет жана юридикалык жактан санариптик документтер кагаз документтер менен теңештирилди. Мындан тышкары, санариптик документтер талап боюнча бардык жерде берилиши мүмкүн.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө eGov Mobile системасында 678 мамлекеттик кызмат жеткиликтүү. Ай сайын платформаны 2,4 миллионго жакын казакстандык активдүү колдонот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков