Казакстандын баш калаасында террордук коркунучтун «кызгылтсары» деңгээли жарыяланды. Ал Нур-Султанда эки жумага уланат. Бул тууралуу терроризм менен күрөшүү ыкчам штабынан билдиришти. Жарандарды тартип коргоо органдарынын ишин түшүнүү менен кабыл алып, алардын мыйзамдуу талаптарын аткарууну суранышат. Эске салссак, буга чейин Улуттук Коопсуздук Комитети өлкөнүн 14 аймагында кырдаал жөнгө салынганын айтып, террордук коркунучтун «кызыл» деңгээли жокко чыгарылган. Учурда кооптуу жагдай Алматыда, Алматы жана Жамбыл облусутарында сакталып турат.
Которгон: Назира Бегалиева