Нур-Султанда өнөр айымдары тууралуу көргөзмө ачылды

Нур-Султанда өнөр айымдары тууралуу көргөзмө ачылды

Акыркы он жылдыкта искусство дүйнөсүндө революция орун алууда. Назик жандар өз укуктарын коргоону талап кылып, коңгуроо кагышууда. Ал эми өнөр дүйнөсү бул талаптарга моюн суна баштагандай. Айым сүрөтчүлөрдүн эмгектери дүйнөгө барган сайын көбүрөөк таанылып, учурда көптөгөн музейлерге коюлууда. Ошентип, аялдардын искусстводогу орду айкын болду. Өз кезегинде бул нерсени казак жана молдован сүрөтчүлөрү өз чыгармаларында көрсөтүүгө аракет кылышты.

Борбор калаада «She» аттуу көргөзмө ачылды. Экспозицияга көркөм сүрөт жана графика чыгармалары, ошондой эле өмүрүн искусствого арнаган аялдардын фото-сүрөттөрү коюлган.

Белгилей кетсек, уникалдуу көргөзмө баш оона айынын ортосуна чейин уланат.

Лейла Махат, көргөзмөнүн куратору:

- Бул көргөзмө искусстводогу аялдар жөнүндө. Башкача айтканда, өнөрдөгү аял ар кандай формада аракет кылат. Кээде ал модель иретинде, кээде өнөрдүн жаратуучусу катары. Көргөзмө эл аралык деңгээлде өзгөчөлөнүп турат десек болот. Бирок аял кишинин канчалык ар тараптуу экендигин, ал канчалык мыкты болсо, ошончолук назик боло ала тургандыгын көрсөтөт. Негизинен, миңдеген жылдар бою дүйнөнүн бардык философтору аялзаты өзгөчө күчтү кайдан алат жана анын сыры эмнеде экендигин билүүгө аракет кылып келишкен. Көргөзмө дал ушул жөнүндө болуп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков