Казак тилин окутуунун заманбап методикасы

Казак тилин окутуунун заманбап методикасы

Казак тилин ушундай кызыктуу видеолор аркылуу үйрөнүүгө болот. Бул уникалдуу ыкманын автору - казакстандык Сергей Хван. Ал пандемия учурунда кол куушуруп отурбай, «Каз сабак» онлайн мектебин ачкан. Бүгүнкү күндө 600гө жакын адам эмгектерин текке кетирбей окуу курсунун үзүрүн көрүп жатат. Казак тилин үйрөнүп жаткандардын арасында казакстандыктар менен катар, Орусия, Сингапур, Корея, Испания, АКШдан келген чет элдик жарандар да бар. Сабакты 30 мугалим социалдык тармактар ​​аркылуу дистанттык түрдө өткөрөт. Эң негизгиси тил үйрөнүүнүн эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында топ менен эмес, ар бир адамга жумасына 5 күн, 1 сааттан жекече убакыт бөлүнгөн. Программага катышкандар казакча оюн эркин жеткирип, сүйлөп кетпесе да, оозеки пикир алмашууга багытталган. Күнүмдүк турмуштагы сөздөр, сөз айкаштары жана сүйлөмдөр колдонулат.

Сергей Хван, долбоордун автору:

- Мектеп бүтүндөй  телефон аркылуу телеграмм тармагынын жардамы менен түзүлгөн. Биз окуучуга кыска суроолорду беребиз. Ал биздин суроолорубузга жооп бериши керек. Эгер жооп берүү кыйын болсо, кыскача түшүндүрмө видео жөнөтөбүз. Ал дагы аз болсо суроого өзүбүз жооп берип, эмне үчүн мындай экендигин түшүндүрөбүз. Мен тилдин түзүлүшүн түшүндүргөн китеп жаздым. Бул методология этиштердин чактарын өзгөртүүгө байланышкан 600дөй этапты камтыйт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков