Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн жетинчи бейпилдик контингенти Ливандагы миссияга катышуусун аяктады. Бул тууралуу биздин өлкөнүн Коргоо министрлиги билдирди. Алты ай ичинде Казакстандын аскер кызматкерлери жөө жана көчмө патрулдук кызматтарды аткарышты, ошондой эле өткөрүү пункттарын уюштурууга катышты. Алардын ордуна тынчтыкты сактоонун сегизинчи контингенти, башкача айтканда, «Чыгыш» секторунда Индиянын бейпилдик батальонунун курамында милдеттерин аткарып жаткан казакстандык аскер кызматкерлери жөнөп кетишти.
Эске сала кетсек, 2014-жылдан бери 45 казакстандык БУУнун Батыш Сахарадагы, Кот-д'Ивуардагы жана Ливандагы миссияларында тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого катышкан. Ал эми 2018-жылдан бери биздин өлкөнүн 520 аскер кызматкери Ливандагы тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн курамында кызмат өтөшкөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков