Өлкө Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 30 аудиокитеп

Өлкө Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 30 аудиокитеп

Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган 30 аудиокитеп. Мындай алгылыктуу демилгени Кызылорда облустук азиздер жана начар көргөндөр китепканасы көтөрдү. Казакстандык авторлордун 30 китеби атайын студияда үн коштолуп, окурманга тартууланат. Алардын катарында драма, поэзия, проза, балдар адабияты жана котормолор жыйнагы бар. Бүгүнкү күндө китепканада 2 миңге жакын окурманы болсо, китеп фонду 3 миңге жакын. Анын басымдуу бөлүгү атайын адабияттар. Акыркы 2-3 жылдын ичинде китепкана студиясында 95 китеп үн коштолуп жаздырылып, таңгакталган.

Айна Бекенова, китепканачы:

- Биз заман талабына ылайыкташтырып, окууну сунуштайбыз. Үн жазуу студиясында жазылган бардык адабияттар окурмандардын суроо-талабына ылайык план боюнча жасалат. Ошол эле жылы басылып чыгат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков