Келечекте мунайдын ордун литий басышы мүмкүн

Келечекте мунайдын ордун литий басышы мүмкүн

Литий келечекте мунайдын ордун басышы мүмкүн. Мындай пикирлерин Алматыда өткөн экинчи энергетикалык форумга катышкан серепчилер билдирди. Эл аралык уюмдардын жетекчилери, саясатчылар катышкан жыйында альтернативдүү энергия булагы катары суутекке өтүү маселеси талкууланды. Анда адистер дүйнөдөгү экологиянын бузулушу жана минералдык ресурстардын азайышы көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурушту. Форумда талкууланган дагы бир темалардын бири – көмүртектин нейтралдуулугу. Бүгүнкү күндө 30дан ашык мамлекет экономикалык өсүштү сактап, абага зыяндуу заттарды чыгарууну азайтты. Ал эми Казакстанда көмүрдүн негизинде өндүрүштүн чоң үлүшү бар. Бирок буга жол берүүгө болбойт, дешет катышуучулар.

Дмитрий Марьясин, БУУнун ЕЭК аткаруучу катчысынын орун басары:

Көптөгөн өлкөлөрдү көмүр суутектерге көз карандылыктан, кайра жанма энергияга кантип өтүү керек деген суроо тынчсыздандырууда. Ошондой эле Казакстан үчүн бул алдына коюп жаткан милдет. Биз дагы эле энергетикалык балансты өзгөртүүбүз керек. Бул жерде суутек чыныгы чечим болуп саналат. Экинчиден, жашыл энергияны сейрек кездешүүчү металлдар жана башка маанилүү компоненттерсиз элестетүү мүмкүн эмес. Мисалга литийди алалы. Бүгүнкү күндө бул элементти ак мунай деп да аташат. Ал жакын арада кара алтындын ордун басышы толук мүмкүн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков