Allur катышуучулардын рекорддорун жаңыртты. Жеңилдетилген унаа насыя программасынын биринчи күнүндө алардын Нур-Султандагы жана Алматыдагы дилердик борборлоруна төрт миңден ашык кардар келген. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, борборлордун корлору жаңы унаа сатып алууну каалагандардын бардыгын камтууга жетет. Ал жерде азыр 4 миңге жакын автоунаа бар. «Сарыарка автопром» заводунда жайгашкан дагы 3,5 миң автоунаа аймактар боюнча жөнөтүүгө даяр. Компания өкүлдөрү келерки айда завод 7 миңге жакын унаа чыгарууну көздөп жатканын айтышты. Алардын айтымында, дүрбөлөңгө түшүү биринчи кезекте казакстандыктар үчүн жаңы программанын маанилүүлүгүн айгинелейт.
Таир жана Алёна Абсаленовдор, кардар:
- Биз чындап эле кечээ узун кезекке турдук, бирок жакшысы бүгүн биз төлөө үчүн эсеп-дүмүрчөктү алдык.
Серик Оразбаев, кардар:
- Бизди чакырып, «Сизге уруксат келип, өзүңүзгө арыз толтурсаңыз болот. Алар бизге түзмө-түз төлөм үчүн эсеп-дүмүрчөк беришти, атүгүл бизде номери бар. 2022-жылдын бугу айынын 17деги 1301. Биз Киа Соул унаасын жактырып каттадык. Ошондуктан биз абдан кубанычтабыз.
Кайрат Бекпенбетов, кардар:
- Бүгүнкү күндө бул маселе чечилип бүттү, башкача айтканда, эл бири-бири менен кеңештерди алып, кезекке туруп, ошого жараша үлгүсүн тандап, арыз документтештирилип жатат. Программа иштеп, бардык шарттар аткарылып жатат.
10 миллион теңгеге чейин 4% менен унаа насыя алуу үчүн казакстандыктарга алгачкы төлөм талап кылынбайт. Ал эми баасы 15 миллионго чейинки унаа азыркы учурда кошумча төлөм менен гана жеткиликтүү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков