Казакстан менен Украина ортосундагы маданий алака бекемделет

Казакстан менен Украина ортосундагы маданий алака бекемделет

Саймалуу жууркан, казак көйнөгү, эски жоолук, сыр сандык, камчы жана домбра. Боз үйдүн кооз жабдуулары Украинанын Тарас Шевченко атындагы Улуттук музей-коругунун казак бурчуна коюлган. Маңгыстау облусунан белек катары жеткирилген буюмдардын тарыхы тереңде жатат.

Ирина Паламарчук, Тарас Шевченко атындагы улуттук музей-коругунун кызматкери:

- Мен азыр 1989-жылы Украинага жеткирилген казак үйүндө турам. Негизинен бул боз үй өткөн кылымдын 50-60-жылдары жасалган. Бирок жупуну жана ички жабдыктары толук эмес эле. Эми казакстандык кесиптештерибиздин жардамы менен боз үй тиричилик буюмдары менен толтурулду. Ага ылайык, архивде турган казак үйү кооздолуп, кооз көрүнүшкө айланды. Музейге келгендердин баарына өзгөчө таасир калтырат деп ишенем.

Маңгыстаудан Украинага барган атайын делегация аталган өлкөнүн музей фонду менен кызматташтыкты күчөтүү боюнча келишимге кол коюшту. Тараптар айрыкча илимий-изилдөө жаатында тажрыйба алмашууну көздөп жатышат.

Пания Сармурзина, Маңгыстау облусунун маданият, тилдерди өнүктүрүү жана архив иши башкармасынын башчысы:

- Меморандумга ылайык, эки музейдин ортосундагы кызматтар, анын ичинде Тарас Шевченконун мурасы Маңгыстауда жайылтылат. Музейде казак элинин мурасын пропагандалоо иштери колго алынат. Муну менен катар, өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе, келерки жылы Маңгыстау облусунда музейлердин ачылганына 90 жыл толот. Музейлердин башталуусу – Форт-Шевченко шаарынын Тарас Шевченко атындагы мемориалдык комплекстен старт алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков