Сүйүктүү жазуучулар менен автограф сессиялар, белгилүү басылмаларды кооздогон иллюстраторлор менен жолугушуулар, жаш жазуучулар менен таанышуу жана оригами жасоо боюнча мастер-класстар. Борбор калаада биринчи жолу ачык асман алдындагы көргөзмө-жарманке ачылды. «KitapTime» иш-чарасында атамекендик басмалар жана дипломатиялык элчиликтер тарабынан сунушталган китептер менен катар Улуттук кол жазмалар борборунун сейрек кездешүүчү экспонаттары коюлду. Жаш окурмандар да четте калышкан жок. Балдар жылына карата бул жерде «Окуйбуз», «жазабыз», «тартабыз»! аттуу чыгармачылык саат уюштурулду. Китеп сүйүүчү аудиторияны кеңейтүүгө багытталган иш-чаралар мындан ары да улантылат.
Нуржан Жолдыбалинов, Казакстандын улуттук академиялык каитепканасынын мүдүрүнүн милдетин аткаруучу:
- Биздин негизги максатыбыз – окурмандардын улутун түзүү. Жаш муундарга, китеп сүйүүчүлөргө китептин күчүн түшүндүрүү. Бул иштин алкагында чоң иш-чара өткөрүп жатабыз. Байкасаңыздар, мисалы, күз айларында азык-түлүк жарманкелери көп болот. Бирок, чынын айтсам, руханий жарманкелер, тилекке каршы, өтө аз. Иш-чараны Улуттук академиялык китепкана баштаганбыз жана мындан ары да уланат деген ойдобуз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков