Президент Германиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Президент Германиянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Касым-Жомарт Токаев Германиянын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Мамлекет башчынын пикиринде, Германиянын алдыңкы компанияларынын Казакстанга сапары эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү ниетинен кабар берет. Президент ишкерлерге алардын компаниялары инновациянын алдыңкы сабында экенин жана дүйнөлүк туруктуулук процессинде негизги ролду ойной турганын айтты. Ошондой эле Астана менен Берлиндин ортосундагы узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүктүн бекемделишине ишенимин билдирди.

Которгон: Назира Бегалиева