Өлкөнүн бардык аймактарында Өзгөчө кырдаалдар жана Ички иштер министрликтери, ошондой эле Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрү менен Коргоо министрлиги тарабынан селге каршы иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Караганда облусунда куткаруучулар техника менен кызматкерлердин даярдыгын текшеришти. Жалпысынан сел коркунучу бар 99 аймак бар. Ошондой эле 230дан ашык суу чарба объектилери көзөмөлгө алынган. Тобокелдиктерди алдын алуу максатында облустун аймагында бир жарым чакырымга дренаждык каналдар салынды. Ошондой эле дренаждык жана суу өткөргүч системалар тазаланды.
Кахарман Оразалин, ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарды жоюу башкармалыгынын башчысы
- Машыгууларды даярдоонун алкагында бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү аткаруу органдары тарабынан карды тазалоо үчүн алдын ала орундар даярдалып, бардык дренаждык өтмөктөр дыкаттык менен тазаланып, инженердик материалдар даярдалууда. Булардын бардыгы окуу-машыгуу иштеринде бышыкталууда.
Семейде машыгуунун алкагында Иртыш дарыясында профилактикалык жардыруу иштери жүргүзүлдү. Бул максаттарда 500 килограммдан ашык жардыргыч заттар колдонулган. Мындай чара шаардагы суу ташкындын алдын алат. Суу каптоо татаалдашкан учурда жергиликтүү аткаруу органдарынын жана жарандык коргонуу кызматтары күчтөрүнөн түзүлгөн топ биргеликте иш алып барат.
Нурбол Нурсагатов, Семей шаарынын акими:
- Албетте, кооптуу аймактар аныкталган. Буга чейин 15 зона жөнүндө сөз болгон. Ал жерде 500дөй үй бар. Шаар жетекчилиги бардыгын көзөмөлдөп турат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков