Nobel Fest: Казакстанда күзүндө дүйнөлүк илим жумалыгы өтөт

Nobel Fest: Казакстанда күзүндө дүйнөлүк илим жумалыгы өтөт

Илимий жана билим берүүчү эң ири иш-чара Казакстанда быйыл күзүндө өтөт. Nobel Fest жумалыгы тогуздун айынын 26нан 29на чейин республиканын борборунда онлайн режиминде өтөт. Фестивалга дүйнөлүк илимдин жылдыздары, изилдөөчүлөр жана новаторлор катышат. Алар Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжандын студияларында баяндама жасашат. 70 өлкөдөн келген 5 миңден ашуун катышуучулар «пандемия планетада кандай жаңы глобалдык тенденцияларды баштады» – деген эң актуалдуу темаларда талкуу жүргүзүшөт.

Батихан Калибеков, Nobel Fest фестивалынын техникалык мүдүрү:

- Тогуздун айы фестивалынын темасы «Келечек-бүгүн» деп аталат. Анда Израилдин Силикон өрөөнүнүн атасы Жонатан Медвед сыяктуу белгилүү инновация серепчилери, белгилүү тарыхчы жана ойчул Юваль Ноа Харари көрүүчүлөр алдында өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Муну менен катар салт боюнча Нобель сыйлыгынын ондогон лауреаттары, эл аралык серепчилер жана илимпоздор баяндама жасашат.

Үчүнчү Nobel Fest фестивалынын алкагында Борбордук Азия регионунун студенттери тарыхтын кандай жараларын, бүткүл адамзаттын өнүгүшүнө кандайча ачылыштар себеп болгонун, биздин замандаштарыбыз кандай билимге муктаж экенин билүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болушат. Мунун баары - инновация, химия, физика, космология, экономика, билим берүү жана технология боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын дарстарында окулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков