Актаудагы
аскер-деңиз базасында алгачкы модулдук казарма тааныштырылды. Ал 12 ай бою колдонууда
болот. Себеби, суу, канализация, жылытуу жана желдетүү системасы каралган. Деген
менен казарманын артыкчылыктары көп. Аны тез бузуп, башка каалаган жерде кайра орнотууга
болот. Зарыл болгон учурда кошумча модулдарды кошуу да каралган. Мисалы, штаб
же санитардык бөлүмдү кошуу мүмкүнчүлүгү бар. Белгилей кетсек, келерки жылы
Казакстандын аскер-деңиз күчтөрү дагы 6 модулдук казарма менен толукталат. Алар да Каспий деңизинин жээгине жакын,
аскердик суучулдарды даярдоо-машыгуу комплексинин жанында курулат. Ал эми жаңы
казармада Казакстандын ар кыл аймактарынан мекен алдындагы милдетин аткаруу
үчүн күзгү аскерге чакырылган уландар жайгаштырылды. Учурда деңизчилер окуу
курсунан өтүп жатышат. Кийинчерээк алар артиллериялык кемелерде, десанттык
батальондордо жана коменданттык роталарда кызмат өтөшөт. Белгилей кетсек,
Каспийдин айланасын миңден ашуун казакстандык деңиз-аскери коргоодо.
Казакстандын суу чек арасынын узундугу 1200 чакырымдан ашат.
Даниал Мурат,
Матрос:
- 2-курста
академиялык өргүүгө чыгып, мекен алдындагы милдетимди өтөө үчүн келдим. Деңизди
көрүп, кемеге түшүү үчүн атайын Актау шаарын тандадым. Бактыга жараша, ушул жаңы
казармага туш болдум. Казарманын шарты жакшы, ичи жылуу.
Алмат Нуртаев, №29011
ротасынын командири:
- Аскер-деңиз күчтөрүнө
биринчи жолу модулдук казарма салынды. Бул казарма кыска мөөнөттө курулган. Иштер
кулжа айында башталып, аяк оона айында аяктады. Азыр жаш жоокерлер бир айлык
курстан өтүп жатышат. Салтанаттуу түрдө ант берүү аземи өткөрүлөт. Андан кийин
алар чыныгы деңиз аскерлери болушат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков