Казакстанда күн карама уругун өлкөдөн чыгарууга чектөөлөр киргизилди

Казакстанда күн карама уругун өлкөдөн чыгарууга чектөөлөр киргизилди

Бүгүнтөн тарта Казакстанда күн караманын уругун экспорттоого чектөө киргизилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитети билдирди. Квота аяк оона айынын аягына чейин уланат. Маалымдамада айтылгандай, мындай чаралар республиканын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда. Ал эми бүгүнкү күндө бажы процедураларынан өтүп жаткан товарларга аталган чектөөлөр колдонулбайт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков