Казакстандын 16 аймагында жылдык инфляция өсүшү катталды

Казакстандын 16 аймагында жылдык инфляция өсүшү катталды

Казакстанда теке айында жылдык инфляциянын деңгээли бир топ жогорулап, 16 аймакта 15%га жеткен. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.  Атырау облусу алдыда келе жатат. Финансылык жөнгө салуучу тараткан маалыматка таянсак, рынокто азык-түлүк бааларынын өсүү темпи өзгөчө байкалууда. Маңгыстау облусунда бул топко кирген товарлардын баасынын өсүшү 24,0%га жетти. Ошондой эле, теке айында азык-түлүк эмес товарлардын наркынын өсүшү 14,2%га чейин тездеген. Эң жогорку баа Нур-Султан шаарында жана Улытау облусунда катталган. Алматы шаарында бир аз төмөн, 12,3%дын тегерегинде. Теке айында акы төлөнүүчү кызматтардын баасы өзгөрүүсүз калган. Ошол эле учурда Түркстан облусунда баа республикалык деңгээлден жогору болсо, Актөбө жана Жамбыл облустарында тескерисинче арзандап кеткен.

Котргон: Илгиз Жамалбеков