Кашаган кенинде газды кайра иштетүүчү заводдор ишке кирет

Кашаган кенинде газды кайра иштетүүчү заводдор ишке кирет

Өкмөттүн жыйынында ички рынокко товардык газ өндүрүүнү көбөйтүү боюнча ушул жана башка пландар талкууланды. Кашаган кенинде ачыла турган жаңы объектинин кубаттуулугу 1 миллиард куб метр газ өндүрүүгө жөндөмдүү. Мындан тышкары кендеги мунай өндүрүүнү көбөйтүүнүн алкагында кубаттуулугу 4 миллиард кубометр келген дагы бир ири газ заводунун курулушу жүрүп жатат. Долбоорду эки этапта, башкача айтканда 2 миллиард куб метрлик эки линияда ишке ашыруу каралган. Жакынкы аралыкта Өкмөт жаңы газ ишканасынын жол картасын кабыл алууну пландаштырууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков