AKTOBE INVEST-2022

AKTOBE INVEST-2022

Актөбе облусунда түйүнсүз темир жол рельстерин чыгарган өндүрүш участогу ишке кирет. Келечекте бул аймакта жаңы мунай-химиялык завод тургузулат. Объекттер чет элдик инвестициянын эсебинен курулат. Тиешелүү макулдашууга борбор калаада өткөн «Актөбе Инвест-2022» эл аралык инвестициялык форумунун жүрүшүндө жетишилди. Жыйында Германия, Литва жана Түркиянын ири инвесторлору менен 2,7 триллион теңгелик 8 меморандумга кол коюлду. Ушуну менен 7-ирет уюштурулуп жаткан иш-чаранын максаты - Актөбе облусунун экономикасына инвесторлорду тартуу жана өнөктөштүк мамилелерди түзүү болуп саналат. Жыйында 30дан ашык өлкөдөн жана башка аймактарынан келген инвесторлордун назарына бир нече ири долбоорлор сунушталды. Алардын басымдуу бөлүгү айыл чарбасында, медицинада жана өнөр жайда ишке ашырылат.

Ералы Тогжанов, Актөбе облусунун акими:

Актөбе облусунун экономикасы ар тараптуу өнүккөн деп айтууга негиз бар. Ири өндүрүштүк кубаттуулуктар менен катар айыл чарбасын да өнүктүрүүгө болот. Бүгүнкү күндө 37 пайызы айыл чарбага туура келет. Бир сөз менен айтканда, ири өндүрүштүк объект болгону менен, учурда башка багыттарды да өнүктүрүү зарыл.

Которгон: Илгиз Жамалбеков