Кореянын экинчи чоң шаары Пусандын ири компаниялары Казакстандагы долбоорлорго инвестиция салууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Казакстандын Кореядагы элчиси Бахыт Дүйсенбаевдин иш сапары учурунда айтылды. Пусан шаарынын жетекчилиги менен казак делегациясынын жолугушуусунда Казакстандын Башкы консулдугун ачуу маселеси талкууланды. Тиешелүү жарлыкка Президент Касым-Жомарт Токаев ушул жылдын баш оона айында кол койгон. Аймактагы ири компаниялардын катышуусунда өткөн тегерек столдо республиканын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү. Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү бут кийим, логистика, мунай-химия жана унаа техникасы тармагында кызматташууга кызыктар.
Ян Дже Сен, Логистика компаниясынын президенти:
- Биз Казакстанды Борбордук Азиядагы транзиттик дарамети чоң өлкө катары билебиз. Биз логистика менен алектенебиз, эгерде мүмкүн болсо бул тармакка инвестиция салгыбыз келет. Анткени, Кореядан Европага товарларды Казакстандын аймагы аркылуу деңизге караганда 3 эсе тез ташууга болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков