Казакстандыктарга инновациялык кардиостимуляторлор коюлууда

Казакстандыктарга инновациялык кардиостимуляторлор коюлууда

Казакстанда бейтапка жаңы муундагы электродсуз кардиостимулятор орнотулду. Мындай операция КМШнын аймагында биринчи жолу жүргүзүлүүдө. Аны Астана жүрөк борборунун дарыгерлери өткөрүштү. Алардын айтымында, пенсионер брадикардия – сейрек кездешүүчү жүрөктүн кагышы менен жабыркаган. Убакыттын өтүшү менен оору маанилүү органдын толук токтоп калышына алып келиши мүмкүн. Батарея түгөнгөндөн кийин инновациялык аппаратты алмаштырууга болот.

Өмүрбек Нурадинов, Улуттук илимий кардиологиялык борбору УАК,  аритмология бөлүмүнүн башчысы

Ал бир нече убакыт өткөндөн кийин алынып салынышы мүмкүн. Изилдөөлөргө ылайык, бейтаптар 7 жылдан ашык убакыттан бери кардиостимуляторлорду орнотушкан жана бул аппараттарды алуу кыйынчылыксыз жүргүзүлүп, жаңы аппараттар орнотулган. Бул жерде артыкчылык болуп саналат. Мындан тышкары, бул кардиостимуляторду эки камералуу кардиостимулятор катары жаңыртса болот. Ал эми зарыл болсо, бейтап эки камералуу кардиостимуляторго ээ болот.

Хирургдар АКШда стимуляторду имплантациялоону үйрөнүштү. Ошол жерден алар окушкан. Эми дарыгерлер аппаратты дагы беш бейтапка коюуну пландап жатышат. Убакыттын өтүшү менен Казакстандын башка кардиоклиникаларында операция жасоону көздөшүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков