Аманат партиясына реформа керек

Аманат партиясына реформа керек

Партия элдин кызыкчылыгын гана коргобостон, жаңычылдыктын лидерине айланат. Мындай пикирин казакстандык саясат таануучулар билдиришүүдө. Алардын айтымында, өнүгүүнүн жаңы этабында айыл чарбага артыкчылык берилип, жаңы муундун интеллектуалдык өнүгүүсүнө бул жаңычылдыктар киргизилиши керек. Айрыкча, айыл чарба өнүмдөрүн өндүрүүнү арттыруу - мамлекеттин экономикалык көз карандысыздыгын сактап, дүйнөлүк каатчылык учурунда мамлекеттин таянычы болууга мүмкүндүк берет.

Шарипбек Амирбеков, саясат таануу илимдеринин доктору:

- Казакстанда азыр бардык тармакты кайра карап чыгуу керек болуп турат. Концепцияларды жаңылоо керек. Биздин Казакстандын бир кемчилиги - интеллектуалдык деңгээлдин жоктугу. Кандай гана тармакты өнүктүрүүгө байланыштуу концепциялар иштелип чыкканы менен, булар жарым-жартылай түшүнүк, толук механизмдери каралган эмес. Азыр эми Аманат ушуга көбүрөөк көңүл бурушу керек. Башкача айтканда, чоң аналитикалык борборлор иштебесе, алардын жазганын кабыл албасак, өнүгүү солгундайт.

Өлкөнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер Андрей Трегубенко өнүгүүнү жана алдыга жылууну колдойт. Анын айтымында, бардык жерде – сүйлөшүүлөр менен күнүмдүк турмушта, жүрүм-турумда жана баарлашууда зарыл маданиятты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Ал эми келечекте коомдун кыймылдаткыч күчү иретинде жаштарды колдон келишинче тартуу маанилүү.

Андрей Трегубенко, Казакстандын Эмгек сиңирген ишмери:

- Жаштар партияга келсе, жаңы муун менен депутаттардын пикири өзгөрөт деп ишенем. Албетте, иш тажрыйбасын эстен чыгарбоо керек. Менимче, тажрыйба менен жаштыкты айкалыштыруу ийгиликке, жемиштүү эмгекке жетишүүнүн негизги механизми.

Которгон: Илгиз Жамалбеков