«От» тасмасы Екатеринбургдагы эл аралык сынактын жеңүүчүсү аталды

«От» тасмасы Екатеринбургдагы эл аралык сынактын жеңүүчүсү аталды

Казакстандык режиссёр Айжан Касымбектин "От" тасмасы Екатеринбургда өткөн эл аралык дебюттук тасмалар арасындагы сынакта жеңишке жетти. Ага Казакстандан тышкары Тажикстан, Түркмөнстан, Орусия жана Сербия мамлекеттеринин дебюттук чыгармалары катышты. Ошол эле учурда өлкөдөн эки тасма сунушталып “От” Гран-приге ээ болсо, Алишер Жадигеровдун “Отау” чыгармасы “Эл аралык мыкты дебюттук оюну” номинациясында жеңүүчү аталды. Сынакка сунушталган  эмгектерди ирандык режиссер, продюсер, сценарист Мехди Фардгадери жетектеген калыстар тобу баалады.

Диана Ашимова "От" тасмасынын продюсери:

- Биз эл аралык сынакта байгеге ээ болгонубузга абдан кубанычтабыз. Белгилей кетсек, эмгегибиз мындан ары да сынактарга, фестивалдарга катышуусун  уланта берет. Маселен, жакынкы күндөрү Орусияга, Мадрид шаарына, алтургай Казанда өткөн мусулман кинолорунун фестивалына катышабыз. Коомчулуктан суроо-талап көп болгондуктан, тасманы ата мекендик прокатка даярдап жатабыз. Көптөр бул биздин улуттук кинобуз, аны көрсөтүү маанилүү - деп айтышууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков