Касым-Жомарт Токаев Алматы облусуна болгон иш сапарынын алкагында Конаев шаарын өнүктүрүүнүн башкы планы менен таанышты. Ага ылайык, 2050-жылга чейин облустун борборунда 200 миңге жакын адам жашайт жана жалпы аянты 19 миң гектарды түзөт. Бул, албетте, жаңы инфраструктураны курууну талап кылат. Алгач акимчилик имараттарды жана турак жайларды, андан кийин социалдык маанидеги объектилерди куруу мерчемделген. Ошондой эле, алар президентке магистралдык кластерлерде жана ишканаларда 20 миңден ашык жумушчу орундарын түзүүгө ниеттенип жатканын жеткирди. Бул жаңы чакан жана орто ишканалардын пайда болушуна алып келет. Буга кошумча президентке жолдорду куруу боюнча долбоорлор сунушталды. Бир мисал БАКАД болуп саналат. Улуу Алматы айланма жолу шаардын айланасындагы кыймылды тездетип гана тим болбостон, аймактагы экономиканы да өзгөртүүгө өбөлгө болот.
Марат Султангазиев, Алматы облусунун акими:
-Өткөн жылы БАКАДды долбоорлор менен жабдуу жана салым
кошуу тапшырмасы берилген. Бүгүнкү күндө мындай долбоорлор ишке ашып жатат. Бул
эфес кока кола джитиай Филип морис. Озон менен да меморандумга кол койдук, учурда
алар иштей баштады.
Мындан тышкары Касым-Жомарт Токаев айыл чарба товарларын жана курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсүнө барды. Мамлекет башчысы облустун климаттык шартына жана мегаполиске жакындыгына байланыштуу агроөнөр жай комплексине инвесторлорду тартууга чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи. Курулуш тармагынын алдында да масштабдуу милдеттер жана мүмкүнчүлүктөр турат. Ал боюнча - облусттук борбордун курулушу, ошондой эле G4 City долбоору. Андан соң президент Сулейман Демирел университетинде болду. Университетте казак тили, Казакстан тарыхы, математика жана IT багыттары боюнча илимий-изилдөө институту, лабораториялар, долбоорлор бар. Кошумчалай кетсек, окуу жай 70 чет элдик университет менен кызматташат. Бул жерде 8,5 миңден ашык студент билим алат, анын ичинде Борбор Азия өлкөлөрүнөн, Кытайдан, Орусиядан, Монголиядан, Индонезиядан студенттер бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков