Казакстандыктардын 61% расмий медицинага ишенет. Башкача айтканда, алар өлкө жарандарынын ден соолугуна дабаа табуу үчүн клиникалардын кызматына кайрылган жакшы деп эсептешет. Бул алдыңкы эл аралык фармацевтикалык компаниянын Казакстанда жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы. Ошондой эле, сурамжылоого катышкан респонденттердин жарымы саламаттыкты сактоо жаатында ата мекендик окумуштууларга ишенээрин айтышкан. Пандемия учурунда дүйнөлүк трендге айланган телемедицина да өлкөдө тез өнүгүп жатат. Татаал эмес ооруларга чалдыккан мекендештердин үчтөн экиси дарыгердин кеңешин аралыктан, башкача айтканда веб-камера аркылуу алууну туура көрүшөт. Буга жергиликтүү санариптик медицина жөндөмү жетет - дешет чет элдик адистер. Сурамжылоого 2 миңдей жаран катышкан. Алар 8 багыт боюнча 43 суроого жооп беришти. Буга байланыштуу белгилей кетсек, Казакстан быйыл жалпысынан 15 мамлекетти камтыган салттуу европалык изилдөөгө биринчи жолу кирди.
Арминас Мацевичус, КМШ мамлекеттери боюнча STADA мүдүрү:
– Иликтөөнүн негизги максаты - пост-ковиддик кезиндеги калктын абалын билүү, учурда ден-соолукта кандай курч көйгөйлөр бар экенин аныктоо. Казакстандыктар жергиликтүү медицинада колдонулган санариптик технологияларды жогору баалашты. Маселен, тургундар заманбап QR коддору аркылуу онлайн дары-дармек сатып алууга жакын экенин көрсөтүштү. Бул Казакстандагы санариптештирүү деңгээли европалык көрсөткүчтөн бир аз жакшыраак - дегенди билдирет. Мындай изилдөө-иштери жакынкы жылдарда дагы улантылат. Бизге динамиканын канчалык өзгөргөнү кызыктуу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков