Казакстанда жаңы электрондук китепкана пайда болду

Казакстанда жаңы электрондук китепкана пайда болду

Улуу Талаанын агартуучулары. Казакстанда жаңы электрондук китепкана пайда болду. Ал казак тарыхында аттары алтын тамгалар менен жазылып, өмүрүн билимге, илимге арнаган окумуштуулар менен изилдөөчүлөргө арналат. Китепканадан Абай Кунанбай уулу, Ыбырай Алтынсарин, Ахмет Байтурсын уулу, Канипа Битибаева, Аягүл Миразовалардын өмүрү жана чыгармачылыгы, эмгектери менен макалалары тууралуу кеңири маалымат алууга болот. Окуу-агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, электрондук китепканада 1000ден ашык эмгек жарыяланат. Онлайн китепкана жыл бою жаңы материалдар менен толукталып турат. Келечекте билим берүү тармагына чоң салым кошкон мугалимдердин ысымдары да киргизилет. Учурда электрондук китепкананы 12 миң адам колдонот.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков