Өлкөдө дельфинарийлердин жана зоопарктардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынат

Өлкөдө дельфинарийлердин жана зоопарктардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынат

Казакстанда жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоону пропагандалоого мындан ары мыйзам деңгээлинде тыюу салынат. Мажилис депутаттары жаныбарларга жоопкерчиликтүү мамиле жасоого багытталган өзгөртүүлөрдүн топтомун экинчи окууда жактырды. Төмөнкү палатанын депутаты Александр Милютиндин айтымында, эми 16 жашка чейинки балдарга ит-мышыктар менен сейилдөөгө болбойт. Мындан тышкары, үй жаныбарларынын ээлерине чоң жоопкерчилик жүктөлөт. Бул санитардык нормалардын туура сакталышына да таасирин тийгизет. Буга кошумча, жергиликтүү аткаруу органдары үй жаныбарларын багуу эрежелерин иштеп чыга алат, ал эми кароосуз калган жаныбарларды эмдөө жана стерилизациялоо, өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик бюджеттен каржыланат. Ошондой эле, Александр Милютин жаңы эрежелерди кароодо жаныбарлардын укугун коргоочу активисттердин сунуштары да эске алынганын билдирди. Ошентип, жакында өлкөдө жаныбарлардын көргөзмөлөрүнүн, дельфинарийлердин, океанариумдардын жана зоопарктардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынат.

Александр Милютин, РКнын Парламент Мажилисинин депутаты:

- Бул жобо аталган уюмдардын ээлерине бизнесин жоюу же кайра уюштуруу жол-жоболорун жүргүзүүгө убакыт берүү үчүн кийинкиге калтырылат. Ошондой эле, депутаттар спорттун улуттук түрлөрү боюнча спорттук иш-чараларга катышуу үчүн жаныбарларды пайдалануу Казакстан Республикасынын дене тарбия жана спорт боюнча мыйзамына ылайык ишке ашырыла тургандыгы тууралуу тактоочу ченемдерди киргизишти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков