Касым-Жомарт Токаев бир катар мамлекеттин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев бир катар мамлекеттин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Вьетнам, Португалия, Армения, Чили жана Жаңы Зеландиянын элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Ошентип беш өлкөнүн өкүлдөрү өлкөдөгү дипломатиялык миссияларын расмий түрдө башташты. Казакстандын президенти ар бир өлкө менен эки тараптуу мамилелер өз ара ишенимге жана бузулбас достукка негизделгенин белгилеп өттү.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Транспорт жана логистика, айыл чарба, энергетика, кайра жанма энергия булактары, жаңы технологиялар, маданият жана туризм тармагында кызматташууну чыңдоо үчүн дарамет жетиштүү. Бул багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүү Португалия президентинин Казакстанга расмий сапарын уюштуруу үчүн жакшы негиз болот.

Мамлекет башчысы Чили менен эки тараптуу кызматташуунун өнүгүшүнө канааттангандыгын билдирип, аны жаңы деңгээлге көтөрүү келечектерине көңүл бурду.

Эдуардо Эскобар Марин, Чилинин Казакстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Казакстан менен Чили дипломатиялык мамилелердин пайдубалын 1993-жылы түптөгөн. Келээрки жылы биз бекем мамилебиздин 30 жылдыгын белгилейбиз. Быйылкы жылы биз саясий, соода-экономикалык жана маданий интеграцияны чыңдоого көп күч жумшадык. Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы сооданы көбөйтүү ниетибиз бар.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков