Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен быйыл бардык аймактардагы согуш ардагерлерине 1 миллион теңгеден кем эмес бир жолку жөлөк пул берилет. Ошондой эле, тылдагы эмгекчилерге жана аларга теңештирилген жарандарга да материалдык колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Руслан Желдибай билдирди. Анын айтымында, Касым-Жомарт Токаев бугу айынын 9да борбор калаадагы Ата Мекенди коргоочулар монументиндеги түбөлүк отко гүлчамбар коюу аземине жана бугу айынын 6да Ата Мекенди коргоочулар күнү менен Жеңиш күнүнө арналган салтанаттуу жыйынга катышат. Мындан тышкары, Казакстан боюнча «Ардагерлерге таазим» кайрымдуулук акциясы өтөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков