Казакстан менен Түштүк Корея ортосундагы токой чарбачылыгы тармагындагы кызматташтык

Казакстан менен Түштүк Корея ортосундагы токой чарбачылыгы тармагындагы кызматташтык

Казакстанда токой чарбасы боюнча аймактык окуу борбору жана Азия токой кызматташтык уюмунун өкүлчүлүгүн ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу Сеулда өтүп жаткан дүйнөлүк конгрессте айтылды. Форумга 144 өлкөнүн, анын ичинде Казакстандын өкүлдөрү катышты. Иш-чарада казак делегациясы корей кесиптештеринин токой өстүрүү боюнча тажрыйбасы менен таанышып, Бириккен Улуттар Уюмунун Жашыл климаттык фондунан каржылоо мүмкүнчүлүгүн изилдешти. Эске салсак, 2018-жылы Кореянын токой кызматынын адистери Арал деңизинин кургап калган түбүнө сөксөөл отургузуу иштерине көмөктөшкөн.

Сон Ё Хван, Корея университетинин профессору:

- Кытайда, Казакстанда чөлгө каршы долбоорго катыштым. Аралдын түбү деңиз деңгээлинен жогору жайгашкандыктан, чөлгө салыштырмалуу натыйжага жетүү абдан кыйын. Ага карабастан Казакстандын бул жаатта керектүү тажрыйбасы бар. Сиздердин адистер жергиликтүү климатка ылайык көчөт отургузуунун ыңгайлуу жолун таба алышты.

Алия Шалабекова, Экология, геология жана табигый ресурстар вице-министри:

- Президенттин тапшырмасы менен 2025-жылга чейин 1 миллион 100 миң гектар жерге сөксөөл отургузулушу керек. Бул багытта биз көп иштерди аткардык. Былтыр 100 миң гектар аянт жерге бак-дарак отургузулган. Быйылкы жазда да жумуштар жүргүзүлдү. Азыр биз жыл сайын 250 миң гектар жерге бак-дарак отургузабыз.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков