Алматыда террорчуларга каршы операция уланууда

Өлкө аймагында мыйзамдуулукту жана тартипти калыбына келтирүү боюнча контртеррордук операция уланууда. Азыр бардык аймактарда абал туруктуу. Ал эми Алматы шаарында козголоңчуларды аныктоо жана кармоо чаралары көрүлүп жатат. Укук коргоо органдары шаардын бардык кирип-чыга турган жолдорун көзөмөлгө алды. Жалпысынан 13 көзөмөл-өткөрүү пункту орнотулган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө унаалары менен курал алып өтүүгө аракет кылган бейбаштар кармалды.

Жогорку башкы командачынын буйругу менен шаардагы антитеррордук операция кийинки баскычка өттү. Согушкерлердин Алматыдан чыгып кетишине жол бербөө үчүн бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарында аскердик бөлүктөр түзүлдү. Учурда унаалар дыкат каралып, документтер текшерилүүдө. Кылмышка шектүүлөр кармалып, штабга жеткирилүүдө.

Шаарда жалпы абал турукташканы менен террордук топтордун аракеттери толук токтотула элек. Аскердик кийимчен жоочулар шаардын көчөлөрүндө кармалганын аскерлер билдирди.

Ермахан Нурсултанов, курсант:

- Согушкерлер көптөгөн аскердик ок-дарыларды жана кийимдерди уурдап кетишкен. Өздөрүн атып салбасын деп курсанттарыбыз атайын ушундай ак бел боо тагып алышты.

Козголоңчулар шаардагы соода борборлору менен дүкөндөрдү тоноп, жүздөгөн имараттарды жана унааларды өрттөшкөн. Бардык укук коргоо органдары даярдыкка келтирилди. Өзгөчө абал жана коменданттык саат режими, өткөрүү пункттарынын иши абал толук турукташканга чейин сакталат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков