Казакстандык ырчы Димаш Кудайбергендин Париждеги мамлекеттик кабыл алуусундагы аткаруусу

Димаш Кудайберген өзүнүн аткаруусу менен кайрадан суктандырды. Ал Франциянын президентинин чакыруусу боюнча Париждеги Елисей cfhfqsylfus мамлекеттик кабыл алууда «SOS» жана «Дайдидау» аттуу эки композицияны аткарды. Артистти көрүүчүлөр дагы бир жолу жылуу тосуп алышты. Ал эми Франциянын мурдагы биринчи айымы Карла Бруни ырчынын талантына суктанганын билдирди. Димаштын сөзүнүн видеосун мамлекет башчынын кеңешчиси жана басма сөз катчысы Берик Уали жарыялады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков