Казакстандыктарды чоң өзгөрүүлөр күтүп турат. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев референдумга добуш бергенден кийин билдирди. Президент Конституцияга киргизилип жаткан түзөтүүлөр өлкөнүн коомдук турмушунда чоң өзгөрүүлөрдү көздөй турганын белгиледи. Брифингде президент январь окуясы боюнча иликтөө иштерине да токтолду. Азыркы учурда тиешелүү органдар тарабынан иликтөө иштери өтө кылдат жана дыкаттык менен жүргүзүлүп жатат - деди мамлекет башчысы.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстандын Президенти:
- Азыр колдо болгон материалдардын баары Башкы прокуратура тарабынан жарыяланып жатат, коомдон жашыра турган эч кандай сыр жок. Биз бардыгын ачык жана профессионалдуу түрдө жасайбыз. Ошондуктан эл аралык серепчилерди чакыруунун кажети жок деп ойлойм. Бул иш улантылат. Каза болгондордун тизмеси тууралуу айтсам, коомчулукка жарыяланып, маалымдалат. Мен жогоруда айткандай, ал тизмеде террористтик топ деп айтсак болот, ошол тарапта жүрүп каза болгондор да абдан көп. Алар өздөрүнүн аракеттери менен биздин мамлекеттик түзүлүшүбүздү ыдаратууну көздөшкөн. Бирок окуяга тиешеси жок жарандар да болду. Ушуга байланыштуу айткым келет: көңүл айтабыз жана өкүнөбүз. Карапайым калкка каршы акцияларга катышкан бардык аскер кызматкерлери жоопкерчиликке тартылат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков