Казакстанда байыркы легендалардын негизинде 10 анимациялык долбоорлор түзүлөт

Казакстанда байыркы легендалардын негизинде 10 анимациялык долбоорлор түзүлөт

Казакстанда байыркы түрк уламыштарынын негизинде анимациялык фильмдер тартыла баштады. Бардыгы болуп он анимациялык тасма тартуу пландалууда. Ар биринин убактысы 5 мүнөттөн ашат. Белгилей кетсек, анимациялык тасмалар сынактын жыйынтыгы менен тандалып алынган. Ага 26 студия дароо арыздарын жиберген. Жалпысынан түрк тилдүү мамлекеттердин улуу инсандары, ыйык жаныбарлары, майрамдары жана улуттук оюн-зооктору тууралуу баяндаган 40 сценарий келип түшкөн.

Серик Абишев, «Казакфильм» киностудиясы президентинин милдетин аткаруучу:

Өндүрүшкө киргизилген пилоттук анимация долбоорлору жанр боюнча да, темасы боюнча да окшош эмес. Ар бири өз алдынча индивидуалдуу. Бул долбоор түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын гана чыңдабастан, казакстандык студиялардын жаңы рынокторго чыгуусуна жана аудиториясын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Бул да келечекте боордош өлкөлөр менен биргелешкен анимациялык долбоорлорду түзүүнүн алгачкы кадамы болмокчу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков