Казакстандыктар пандемия учурунда иштеген тез жардам кызматын жогору баалашты. «Энерджи-Пром» порталынын маалыматына караганда, калк тез жардамдын ишине 5 баллдык көрсөткүч боюнча баа беришкен. Алдыда Жамбыл облусу турат. Бул жердеги дарыгерлер чакырууларга убагында жооп берип, тиешелүү жардам көрсөтүшкөн. Экинчи орунда Актөбе облусу турат. Ал эми борбордук ак халатчандар алдыңкы үчтүккө кирген.
Белгилей кетсек, сурамжылоого 200дөн ашык адам катышкан. Алардын көбү тез жардам кызматына көңүлдөрү толгондугун билдиришкен. Чакырууга 10 мүнөттө келди, - деп айткан адамдар көп болгон. Бирок, жарым саат күткөнүн айткандар да бар.
Которгон: Илгиз Жамалбеков