Сейрек кездешүүчү китептер музейиндеги баалуу экспонаттар

Сейрек кездешүүчү китептер музейиндеги баалуу экспонаттар

Түндүк Казакстан облустундагы сейрек кездешүүчү китептер музейи фонддогу эмгектерди электрондук форматка көчүрүп жатат. Эми окурмандар коомчулугу уникалдуу кол жазмалар жана байыркы эстеликтер менен терең таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Музейдин фондусунда үч миңге жакын сейрек кездешүүчү китептер жана түрдүү кол жазмалар сакталып турат. Алардын арасында Жамбыл Жабаевтын латын графикасында жазылган ырлар жыйнагы жана поэмалары бар. Китеп 1938-жылы жарык көргөн. Музейдеги баалуу эстеликтердин бири — «Псалтырь» окуу китеби. Ал XVIII кылымдын аягында жазылган. Дагы бир өзгөчөлүгү, китептин сырты жыгачтан жасалып, музоонун териси менен капталган.

Юлия Аискунова, С. Муканов атындагы облустук китепкананын китепканачысы:

Бул китептерди ачып караган кезде, өткөн чакка саякаттагандай болосуң. Себеби бул жерлерге мөөр басылган. Башкача айтканда, окуу китеби кайсы фонддо, кимдин жеке фондунда болгонун биз андан биле алабыз. Ал эми 30-жылдар бизге эмне калтырды? Аны да ушул жерден көрүүгө болот. Бетин ачып карасак кээ бир адамдардын аты-жөнү чийилип, өчүрүлгөнүн байкайбыз. Кылдат текшерүүдөн өткөргөндөн кийин кимдин фамилиясы алынып салынганын аныктадык, Кухарин. Ошол кезде ал редколлегиянын мүчөсү болгон. Бирок ал атууга өкүм кылынган.

Виктория Хованская, С. Муканов атындагы облустук китепкананын библиографы:

Биздин фонддогу кол жазмалардын бардыгы абдан баалуу. Революцияга чейин жазылган тарыхый жана маданий мурастар. Аларды көздүн карегиндей сактап келебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков