Шахтада боз үй тигилди

Шахтада боз үй тигилди

Улытау облусунун Жомарт шахтасында 600 метр тереңдикте боз үйү тигилди. Мындай ойго келбеген идеяны өндүрүштөгү участка башчысы Акбейсен Кайырбеков сунуш кылды. 7 канаттуу кичинекей үй жер астына орнотулган. Шахта чебери баш калкалоочу жайды кылдат изилдеп чыгып, ичи-сыртындагы майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурган. Бул казактын улуттук салт-санаасын даңазалоонун бир ыкмасы болуп саналат.

Акбейсен Кайырбеков, кенчи:

30 жылдан бери шахтада эмгектенген Казакстандын жараны катары “Мен өз өлкөмдүн, каада-салттардын кайра жандантып, өнүгүшүнө кандай салым кошо алам?” деген ойго келдим. Мындай ой жан дүйнөмө тынчтык бербей, адаттан тыш ойдун ишке ашуусуна алып келди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков