Астанада улуттук спорттун VI фестивалы башталды. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан спортчулар катышууда. Алар бир жума бою чүкө атуу, казак күрөш, тогуз коргоол, көк-бөрү, байге, тыйын эңмей, жамбы атуу, эр эңиш, салттуу жаа атуу боюнча күч сынашып, өздөрүнүн күжүрмөн өнөрлөрүн, күчүн көрсөтүшөт. 4 жылда бир уюштурулган фестивалдын жыйынтыгы менен эң мыкты 3 аймак аныкталат.
Бакдаулет Сабитов,
Улуттук жана ат спорту борборунун мүдүрү:
-Бир жагынан бул иш-чара эл аралык сынактын башталышы десек болот. Фестиваль өзүнүн 20 жылдыгында көп жагынан жакшырды. Учурунда фестивалдын программасына кыз куумай өнөрүбүз кирчү, тилекке каршы, акыркы убакта спорттон алып, оюнга кошуп алдык. Ал эми былтыр, 2022-жылы салттуу жаа атуу спорттун түрү катары, азыр борбордон каттоодон өткөрүп, министрлик тарабынан толук шарттар түзүлүп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков