Казакстанда ички туризм боюнча рекорддук көрсөткүч коюлду. Былтыр жети миллионго жакын казакстандыктар республиканын таанымал жерлерине барышкан. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 35% жана пандемияга чейинки деңгээлден 5% жогору. Бул тууралуу Kazakh Tourism улуттук компаниясынын өкүлү Ернур Кенжебеков билдирди. Анын айтымында, өлкө ичинде саякаттоонун өсүшү биринчи кезекте тургундардын өлкөнүн улуттук парктарына көңүл буруусунун жогорулашы менен байланыштуу.
Ернур Кенжебеков, «Kazakh Tourism АК Улуттук компаниясынын өкүлү:
Улуттук парктар мурунку жылдарда саякаттоо боюнча абсолюттук рекордго айланды, адамдар табигый кооз жерлерге жигердүү бара башташты, алардын Алматы тоо кластеринде көп топтолушу байкалат. Ал эми Бурабай, Баянауыл, Көкшетау жана Каркаралы улуттук парктары өткөн жылы келүүчүлөрдүн саны боюнча рекорд коюшту. Буга кошумча, шаардык багыттар – Мангыстау, Түркестан. Бул жерлер дагы абдан тез өнүгүп жатат.
Республиканын үч жаңы аймагында жайгашкан кооз жерлерге ата мекендик саякатчылардын кызыгуусу геометриялык жактан өсүп келүүдө.
Ернур Кенжебеков, «Kazakh Tourism АК Улуттук компаниясынын өкүлү:
Бул үчүн азыртан эле туристтик-багыттар даяр. Маселен, Абай аймагындагы Семей шаарында жол боюнда улуу Абайдын мекенине барып, бир катар туристтик жайларды кыдырса болот, андан кийин Коңыр-Аулие үңкүрүнө жана башка жерлерге барууга мүмкүн. Башкача айтканда, бул жерде мүмкүн болушунча көп объекттер бар, же аны өзүңүз уюштурсаңыз болот, же туроператорлор аркылуу эс алууга бара аласыз, анан дагы Kids Go Free сыяктуу мамлекеттик колдоо чаралары бар. Бул сизге үй-бүлөлүк эс алууда саякаттоо жана балдардын авиабилеттерин үнөмдөөдө мүмкүнчүлүк берет.
Жарыяланган Kids Go Free программасы быйыл Казакстанда ишке берилген. Ал эки жаштан 14 жашка чейинки балдарга республиканын негизги туристтик жерлерине өлкө боюнча акысыз учууга мүмкүндүк берет. «Kazakh Tourism» мурда маалымдалгандай, программаны ишке ашыруу менен Казакстандын үй-бүлөлөрү эс алуу баасын орто эсеп менен 30% арзандатууга шарт түзүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков