Семинар өлкөнүн өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча эл аралык союзга мүчөлүгүнүн 20 жылдыгына арналды. Бул уюм 78 мамлекетти бириктирет. Биздин өлкө дагы UPOVго кошулуу алдында турат. Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен Айыл чарба министрлиги үрөндөрдү ата мекендик сорттор менен камсыздоо планын иштеп чыгууда. Келерки жылдан баштап үрөндөрдү жайылтууга санариптик мониторинг жүргүзүү үчүн жаңы маалыматтык системаны ишке киргизүү пландалууда. Бул үчүн казакстандык адистер эл аралык тажрыйбаны изилдеп жатышат.
Меруерт Жуандыкова, Айыл чарба министрлигинин департаментинин үрөнчүлүк жана сорт сыноо бөлүмүнүн эксперти:
- Чет элдик компанияларды айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ата мекендик селекциясына, үрөнчүлүккө инвестиция салууга стимулдаштыруучу чаралардын бири Казакстандын өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча эл аралык союзуна кириши болуп саналат. Бул багытта иштер жүрүп жатат. Кореяда өткөн Азиядагы үрөнчүлүк тармагын өнүктүрүү боюнча эки жумалык тренинг, бул тармактагы дүйнөлүк тенденцияларды түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди. Тренингдин алкагында биз заманбап үрөн өндүрүү процесси менен тааныштык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков