Жамбыл облусунда 3 шамал электр станциясы курулат

Жамбыл облусунда 3 шамал электр станциясы курулат

Жамбыл облусунун Талас районунда 13,5 мегаваттык үч шамал электр станциясы курулууда. Бул тууралуу облустук акимчиликтен билдиришти. Ошондой эле объектилерден өндүрүлгөн электр энергиясын чогулта турган ири электр станциясынын курулушу да башталды. Жылдын аягына чейин кайра жанма энергия булактарын пайдаланууга берүү мерчемделип жатат. Ошону менен бирге аймакта алардын санын көбөйтүп, кубаттуулугун 30 мегаваттка чейин жеткирүү көздөлгөн. Жамбыл облусу күндүн, желдин жана суунун дараметин пайдалануу жагынан республикада туруктуу лидер болуп келет. Облуста кубаттуулугу 7ден 300 МВтка чейинки суу, шамал жана күн электр станцияларын куруу боюнча ондон ашык инвестициялык долбоорлор ишке ашырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков