Казакстанда электрондук коммерция көлөмү артты

Казакстанда электрондук коммерция көлөмү артты

Казакстанда электрондук сооданын көлөмү өсүүдө. Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, жалпы соодадагы е-Tradingтин үлүшү болжол менен 4 пайызды түзөт. Коронавируска чейинки 2019-жыл менен салыштырмалуу көрсөткүч эки эсеге өскөн деп кабарлайт Ranking порталы.  Өткөн жылы онлайн сооданын жалпы көлөмү 482 миллиард теңгени түзгөн. Маркетплейстерде бардыгы болуп 45 миллиондон ашык буйрутма жайгаштырылды. Чектин орточо суммасы 5 миң теңгеден 10 жарым миң теңгеге чейин өстү. Электрондук аянтчалардан товарларды сатып алуучулардын көбү Алматы, Нур-Султан жана Шымкент шаарынын тургундары. Казакстандыктар көбүнчө уюлдук телефондорду, электроника жана косметиканы интернеттен сатып алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков