Актөбөлүк ойлоп табуучу өзү жасаган автоунаа менен Казакстанга саякат жасады

Актөбөлүк ойлоп табуучу өзү жасаган автоунаа менен Казакстанга саякат жасады

Жеке унаа менен 3000 км жол. Ал жөнөкөй унаа  эмес, электромобиль. Бул актөбөлүк Владимирдин колунан келди. Күн кубаты менен иштеген унаалардын парадында өзүнүн жаңы суу техникасын сынап көрдү. Казакстан менен Россиянын ойлоп табуучулар тобу күн энергиясынан кубат алган  унаалары менен Уралдан Алматыга чейинки жолду  басып өтүштү. Суткасына 150 чакырымдай жол жүрүп, өлкөнүн түштүк-чыгышына 3 жумада жетишкен.

Владимир Сильевич, ойлоп табуучу:

- Менин уюлдук телефонумда атайын тиркеме бар. Ошо менен батареянын абалын көзөмөлдөйм. Мисалы, анын кубаттуулугун жана күн батареяларынан келген энергиянын көлөмүн көрүүгө болот. Жада калса, бир заряд менен канча километр жол жүрүүгө болоорун да эсептей аласыз.

Владимир Сильевич алгач мотордун макетин жыгачтан жасаптыр. Моделин көрүп, 2 айдын ичинде үч дөңгөлөктүү унаа кураштырган. Эми электромобиль 200 чакырымды токтобой басып өтө алат.

Владимир Сильевич, ойлоп табуучу:

- Электр кыймылдаткычын Кытайдан буйрутма кылгам. Булар азыркы электр мотоциклдерине, квадрициклдерге орнотулат. Батареяны Санкт-Петербургдан сатып алгам. «Жигули» унаасынын алдыңкы суспензиясын, «Фольксваген» унаасынын запастык дөңгөлөктөрүн орноттум. Артында мотоциклдин чынжырлуу дөңгөлөгү бар.

Актөбөлүк ойлоп табуучу келээрки жылы боло турган автопарадга катышууну пландоодо. Ал үчүн жаңы автоунаа жасайт.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков