Казакстан бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын
өткөрүүгө даярданып жатат. Борбор калаадагы бардык спорттук имараттар эл аралык
мелдештерди өткөрүү үчүн пайдаланылат. Өкмөттүн жаңы комплекстерди куруу планы
жок экени айтылды. Бирок масштабдуу иш-чарага даярдыктын алкагында «Астана
Арена» стадиону жана «Алау» муз аянтчасы капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Мындан
тышкары, бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен борбор калаадагы “Казанат”
ипподромун оңдоо көздөлүп жатат. Этникалык спорттун түрлөрү боюнча Бешинчи
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстандын борборунда 2024-жылдын аяк оона айынын
8и 15и аралыгына
белгиленген. Кошумчалай кетсек, тогуз коргоол мелдештин программасына
киргизилгени белгилүү болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков