Казакстандык студенттер «акылдуу күнөскана» ойлоп
табышты. Эми өсүмдүктөргө кам көрүү алда канча жеңил жана натыйжалуу боло
түшмөкчү. Себеби андагы система толугу менен автоматташтырылган. IoT түзүлүштөрү жана программалык камсыздоо
интеграциясынын аркасында күнөскана микроклиматты, жарыктандырууну жана
сугарууну өз алдынча жөнгө сала алат. Уникалдуу долбоорду Алматы
курулуш-техникалык колледжинин студенттери 2 ай ичинде иштеп чыгышкан. Алар
системанын энергиялык натыйжалуулугуна жана туруктуулугуна көңүл бурушкандарын
айтышат. Күнөскана күндөн кубат өндүрүүчү панелдер менен жабдылган. Ал эми
программалык код интернет туруксуз болгон учурда да иштөөгө мүмкүндүк берет.
Габбас Баязитов, Алматы
курулуш-техникалык колледжинин студенти:
- Бул күнөскана сенсордук түрдө
башкарылат. Ал үчүн телефон, мобилдик тиркеме же IP-даректи пайдалана аласыз.
Башкача айтканда, үйдө отуруп эле күнөскананын ичиндеги жумушту көрүп, байкап,
жөнгө саласыз. Жасалма интеллект күнөсканага керектүү абанын температурасын
тандап берет. Кийин телефонуңузга билдирүү жөнөтөт. Ошол аркылуу топурактын
нымдуулугуна чейин күнөсканадагы абалды толук көзөмөлдө кармоого болот.
Бүгүнкү күндө күнөсканада кулпунай гана өстүрүлөт. Зарыл
болгон учурда башка мөмө-жемиш түрлөрүн, жада калса гүл да отургузууга болот.
Студенттердин айтымында, долбоор өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн арттырууга жана
аны күтүүдө адамдын аралашуусун мүмкүн болушунча азайтууга багытталган.
Келечекте бул технологияны үй шартында гана эмес, агроөнөр жай комплексине да
киргизүү пландаштырылууда.
Эльвира
Бактыбаева, Алматы курулуш-техникалык колледжинин мүдүрүнүн орун басары:
- Бул азырынча
болгону макет. Бүгүнкү күндө мындай күнөскананын прототиби гана даярдалды.
Студенттер биринчи кезекте долбоорду өзүбүздүн колледждин аймагында же райондук
деңгээлде ишке ашырмакчы. Демилгени өзүбүздө сынап, ал жакшы натыйжа көрсөткөн
учурда, мындай акылдуу өз алдынча башкарылуучу күнөсканаларды өлкө деңгээлинде
өнүктүрүү мерчемделүүдө.
Студенттер ойлоп
табууларын андан ары өркүндөтүүнү көздөшөт. Максат – мобилдик тиркеменин
кызматын кеңейтип, күнөскананы толугу менен автоматташтыруу. Ичине видеого
көзөмөл камераларын орнотуп, бардык процессти аралыктан көрүүгө мүмкүнчүлүк
алуу.
Которгон: Илгиз
Жамлабеков

