Казакстандык дизайнер дүйнөлүк бренддер менен иштейт

Казакстандык дизайнер дүйнөлүк бренддер менен иштейт

Казак дизайнери Бээжиндеги Кышкы Олимпиада оюндарынын брендингин жана коньки тебүүчүлөр үчүн медалдарды жана эстелик төш белгилерди жасоого катышты. Рустам Садыровдун Кытайда иштегенине он жылга чукулдап калды. Бул аралыкта ал кытайлык жана эл аралык ири компаниялар менен иштешкен.

Рустам Садыров, инженер-иштеп чыгуучу, дизайнер:

- Олимпиадалык комитеттин брендинги жана дизайнынын негизги идеясын менин кураторум - компаниянын мүдүрү менен бирге иштеп чыктым. Өзүм кылган масштабдуу иштердин бири – мында эки жыл мурун өткөн Олимпиадалык көргөзмөсүнүн кире бериш дарбазасы болду. Көптөгөн варианттардын ичинен меники жеңип чыкты. Дарбазаны муз дүйнөсүнө кирип сезим калтыра тургандай кылып жасадым. Биринчи орунду, алтын медалды бир гана спортчу жеңе алат, башкача айтканда, бардык комплекттен бир алтын жасадык.

Эмгек жолун кичи мекенинде баштаган Рустам кийин Кытайга барып, бул өлкөнүн эң чоң базарында күчүн сынап көрүүнү чечкен. Эмгек жолунда ал дүйнөгө таанымал технологиялык компаниялар менен кызматташкан. Дизайнердин айтымында, бүгүнкү күндө унаа жасоодон башка дизайндын бардык түрүн окуп, өздөштүргөн. Эми анын кийинки максаты – өз тажрыйбасын мекенинде колдонуу.

Рустам Садыров, инженер-иштеп чыгуучу, дизайнер:

- Кытайдагы акыркы тогуз жылдын ичинде менин жашоом такыр башка нукка бурулду. Графикалык, өнөр жайлык, көргөзмө дизайнындагы тажрыйбамды эске алып, көптөгөн белгилүү бренддер менен иштештим. Алган билимимди, тажрыйбамды мекенимде колдонгум келет. Казакстанда таланттуу жаштар көп. Фейсбукта кат алмашып турабыз. Суроо-жооптор көп. Эң кызыгы, бүгүнкү күндө жаштар өзүн-өзү өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бура баштады.

Рустам дизайн жаатындагы дүйнөлүк жаңылыктардан кабардар болуп, аларды изилдеп, өз чыгармачылыгында колдонуп келет. «Дүйнө тынымсыз өзгөрүп турат. Билим – бул негизги база болсо, ал эми үзгүлтүксүз өзүн-өзү өнүктүрүү – ийгиликтин ачкычы», - дейт казакстандык дизайнер.

Которгон: Илгиз Жамалбеков